Хорватия

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Коруат Республикасы
хорв. Republika Hrvatska

Flag of Croatia.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Гимн: «Lijepa naša domovino»
EU-Croatia.svg
Эгемендүүлүк күнү 25-июнь 1991-жылы

Югославиядан)

Расмий тили хорват тили
Борбор шаары Загреб
Ири шаарлар Загреб, Сплит, Риека, Осиек
Президенти Зоран Миланович
Калкы
• Бааланган (2020)
Жыштыгы

5 146 789[1] адам
74,7 ад./км²
ISO коду HR
ЭОК коду CRO

Коруатия же Хорватия, расм. Хорватия Республикасы (хорв. Republika Hrvatska) — Балкан жарым аралынын батышындагы мамлекет. Мурдагы Югославиянын курамындагы Хорватия 1991-жылы мамлекеттик эгемендүүлүгүн алган. Борбору - Загреб шаары, акча бирдиги - куна. Калкы 4.4 млн. Калкынын негизги бөлүгүн түштүк славян католиктер түзөт.

Интернеттеги домени -.hr

Хорватиядагы Дубровник (Dubrovnik) шаарынын дубалы бул шаарды коргоодо сепил катары орто кылымдарда гана эмес, 1991-92-жылдары да мыкты рол ойногон.

Хорватия жана Евробиримдик[оңдоо | булагын оңдоо]

Хорватия 2013-жылдын 1-июлунда (теке айынын 1инде) Европа Биримдигине 28-мүчө өлкө болуп кирди.

Хорватия Евробиримдикке кирүү тууралуу арызын 2003-жылы жолдогон болчу.

4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы.

Мурдагы Югославия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 2004-жылы Евробиримдикке Словения кабыл алынган.

Эми Хорватиянын Евробиримдикке кирген башка өлкөлөр менен чектеш жерлеринде чек ара төлөмдөрү талап кылынбайт. Бирок азырынча Хорватия Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык ынтымагына кошулбайт.

Адабият тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Croatia :: People and Society.