Реал Мадрид оюнчулары 2008-жылдын Испан Суперкубогун Валенсиядан жеңип алуусун майрамдашууда.
Көпчүлүккө Реал Мадрид катары белгилүү Реал Мадрид футбол клубу (исп. Real Madrid Club de Futbol ) Испаниянын Мадрид шаарында жайгашкан профессионалдык футбол клубу. Ал 1902 жылы Мадрид Футбол Клубу деген аталыш менен негизделген жана ошондон бери үйдөгү оюндарда адатта ак форма кийип келет. Реал сөзү испан тилинде падышалык, падышаныкы дегенди билдирет жана 1920-жылы клубка ошол маалдагы испан королу Альфонсо XIII тарабынан клуб эмблемасындагы корона менен кошо ыйгарылган. 1950-жылдар ичи клуб өзүн Испан жана Европа футболунда чоң күч катары тааныткан.
Башка европалык клубтардан айырмаланып, Реал Мадриддин мүчөлөрү (сосьо ) клубка негизделишинен бери ээлик кылат жана башкарып келет. Жылдык киреше боюнча эң бай футбол клубу (2011-жылы 438.6 миллион евро киреше алган)
калганын окуу
|
Жаратылыш — ааламдын материалдык дүйнөсү, маңызы боюнча табигый илимдерди изилдөөчү объект. Турмушта "жаратылыш" сөзү көп учурда
табигый Жашоо чөйрө деп аталып жүрөт. (адамдын колунан жасалбаган баардык нерселер)
Жер - азыркы убакыттагы жашоо бар жалгыз планета, жана анын табият өзгөчөлүктөрү көп илимдердин изилдөө темасы. Күндөн тартып эсептегенде Күн системасындагы үчүнчү планета жана жер группасындагы планеталардын арасынан диаметри, тыгыздыгы жана массасы боюнча эң чоң планета. Жердин негизги климаттык өзгөчөлүктөрүнөн анын эки чоң уюлдук аймагы, эки салыштырмалуу мелүүн жана бир кең экватор-тропикалык аймактырынын бардыгы менен шартталган.
(калганын окуу…)
|
«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012» (азербайжанча: 2012 Avroviziya Mahnı Müsabiqəsi, англисче: Eurovision Song Contest 2012, французча: Concours Eurovision de la chanson 2012) - «Еврокөрүнүүнүн» 57-сынагы болмокчу, ал Дүсселдорфто өткөн «Еврокөрүнүү 2011» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2012-жылдын 22-майынан 26-майына чейин Азербайжанда өтөт. Азербайжанга жеңишти «Running Scared» деген ыры менен Ell/Nikki дуэти алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 221 упай менен 1-орунду ээлешкен.
Эки жарымфиналдардын өткөрүлүүсү 22-май жана 24-майга туш келди, ал эми финалдык шоу 26-майга белгиленди.
Өлкөлөрдү жарым финалдарга бөлүштүрүү чучукулагы 25-январда Бакы шаарында өттү. Катышууга 42 мамлекет макулдугун тактады..
(калганын окуу…)
|
Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (кыскача КТРК) – Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган улуттук телеканалдардын бири, калктын 99 пайызын телесигналы менен камтый алат.
Коомдук Биринчи телерадиоберүү корпорациясы эң көлөмдүү гана болуп эсептелбестен, Кыргызстандын эң популярдуу телеканалы болуп саналат. Бүгүнкү күндө – документалдуу жана көркөм кинокөрсөтүүдө алдынкы орундарды ээлеп, бат өнүгүп келе жаткан телекомпания, телекөрсөтүүлөрдүн аналитикалык жана көңүл ачуучу программаларын өндүрүүдө жана маалыматтык берүүдө лидер болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жамааты бүгүнкү күндө өз ара кызматташтыкта жана ынтымакта иш алып барышууда.
(калганын окуу…)
|