Финансы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Финансы (фр. finances - акча каражаты) - борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган акча фондусун түзүү жана пайдалануудагы экономикалык мамилелердин жыйындысы.

Мамлекеттин өнүгүшүнө, анын акча ресурстарын керектөөсүнө байланыштуу үзгүлтүксүз товар-акча жүгүртүүдө пайда болот. Өлкөлөрдө мамлекеттик Финансы (мамлекеттик бюджет, мамлекеттик камсыздандыруу, мамлекеттик кредит) жана ишкана (бирикме) менен эл чарба тармактарынын Финансыларын камтыган Финансы системасы аркылуу коомдук продукту менен ул. кирешени коомдук өндүрүштү пландуу өнүктүрүү, калктын турмуш деңгээлин дагы жакшыртуу, экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, капит. жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен эки тарапка тең пайдалуу байланышты кеңейтүү үчүн бөлүштүрөт. Финансысистемасында башкы орунду мамлекеттик бюджет ээлейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9