Россиянын Ковров шаарында кулчулукта жүргөн 17 кыргызстандык бошотулду
Айтылган дарек боюнча текшерүүгө келген элчиликтин өкүлдөрү сыртынан бекитилген имаратка туш болушкан. ӨКМ кызматкерлери эшикти талкалап, анын ичинде тынымсыз иштеген 17 кыргызстандык жаранды аныкташкан.